Европа Биримдигинин санкциялары Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин Венгрия сапарында талкууланган негизги маселелердин бири болгонун 19-декабрда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Амангелдиев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Европа Биримдигинин алкагында, анын ичинде санкциялык темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулоого чоң көңүл бурулду. Данияр Амангелдиев менен Петер Сийярто Кыргызстан да, Венгрия да Орусия-Украина жаңжалын тынчтык жолу менен гана жөнгө салуу зарыл деген жалпы позицияны карманган өлкөлөр экенин белгилешти. Эки өлкө тең жаңжалды узартууга же географиялык жактан кеңейтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге каршы. Бул контекстте тараптар Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер менен санкциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты”, – деп айтылды өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында.
Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.
Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.
Президент Садыр Жапаров быйыл сентябрда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.
Мурдараак Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Европа Биримдигинин кыргызстандык банктарга санкция салганын өкүнүү менен кабыл алганын билдирип, Бишкек санкция боюнча эл аралык милдеттенмелерин так сактап жатканын маалымдаган жана маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.
18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтти. Бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болду. (RK)
Шерине