Евробиримдиктин лидерлери Украинага кийинки эки жыл ичинде 90 миллиард евро насыя берүүнү макулдашты. Кремлге жакындыгы менен белгилүү Венгрия менен Словакия, ошондой эле Чехия бул демилгеге кошулган жок.
Президент Садыр Жапаров Токиого расмий сапарынын алкагында 19-декабрда Жапониянын императору Нарухито менен жолукту. Өлкө башчы визиттин алкагында “Борбор Азия – Жапония” форматындагы алгачкы саммитке катышат жана Борбор Азия – Жапония бизнес форуму да өтөт.
Президент Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапары алкагында 19-декабрда император Нарухито менен жолукту. Токиодо ал Борбор Азия–Жапония форматындагы алгачкы саммитке жана бизнес форумга катышат. Кыргыз делегациясы эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүп, кызматташтыкты талкуулоодо.
Ал тапта Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып, чет жакта мигрант болуп жүргөн кыргызстандык жарандардын жалпы саны 800 миңдей киши экенин, соңку кезде Орусияда жашагандар арасынан бул өлкөдөн кетип жаткандар көбөйгөнүн маалымдады.
Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон жетекчилик кызматтарга “альтернативасыз” шайлоо талкуу жаратты. Бул маселе парламенттин өзүндө көтөрүлүп, спикер “төрага, вице-спикерлер орду алдын ала эле сүйлөшүлүп, чечилген” деген сындарды четке какты.
Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон жетекчилик кызматтарга “альтернативасыз” шайлоо талкуу жаратты. Бул маселе парламенттин өзүндө көтөрүлдү. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “жетекчилик кызматтарга алдын ала пландап коюп жатасыңар” деген сындарды четке какты.
17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары ант берип, парламенттин 8-чакырылышы ишин расмий баштады. Беш депутаттык топ түзүлүп, Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин төрагалыгына экинчи жолу шайланды. Парламенттин бул чакырылышы канчалык эркин, көз карандысыз болот деген суроо күн тартибинде турат.
Биринчи сессияда беш депутаттык топ түзүлүп, парламенттин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан шайланды. Деген менен парламенттин бул чакырылышы канчалык эркин, көз карандысыз болот деген суроолор жаралды.
17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берип, ишке киришти. Парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүп, 90 мандаттын 87сине депутат шайланган.
Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаган ырчы Валерий Меладзенин Бишкекте 3-декабрга пландалган концертине уруксат берилген жок. Маданият министрлиги муну жобого байланыштырды. Таанымал ырчы 60 жылдык юбилейине жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына карата Борбор Азияда турне менен жүргөн.
Апта башында Агартуу министрлиги В, С категорияларындагы айдоочуларды он айдан бир жылга чейин окутуу боюнча сунушун коомдук талкууга чыгарган.
Дагы жүктөңүз